Түркиянын Кожаэли провинциясында 648 адам шаурмага ууланып, ооруканага жаткырылганын түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, ооруканаларга жалпысынан 648 адам кайрылган. Алардын 646сы айыгып чыгарылса, экөө дарыланууда.
Окуяга байланыштуу эки адам кармалып, шаурма саткан жай жабылган. Адистер анализден соң шаурма стандартка жооп бербейт деген жыйынтыкка келишкен.