Газада бир күндө 100дөн ашык адам набыт болду

Кечээ, 3-апрелде Израилдин чабуулунан улам Газа тилкесинде кеминде 112 палестиналык набыт болду. Бул тууралуу Катардын Al Jazeera телеканалы анклав бийликтерине шилтеме берүү менен билдирди.

Анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил Газа тилкесинде согуштук аракеттерди кайра баштаган 18-марттан бери аймакта каза болгондордун саны 1163кө жетип, 2735 киши жарадар болгонун маалымдады.

Ал эми 2023-жылдын октябрында Израил менен ХАМАС кыймылынын чатагы күчөгөндөн бери каза болгондордун саны 50 миң 523кө жетип, 114 миң 776 палестиналык жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан