ӨКМ: "Соңку суткада 24 өрт кырсыгы катталды"

Өлкөдө соңку суткада 24 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, өрт өчүрүү иштерине жалпысынан 25 күжүрмөн эсеп тартылган.

"Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Чүй облусунда – 4, Ысык-көл облусунда – 3, Нарын облусу – 1, Талас облусу – 2, Баткен облусу – 2 өрт кырсыгы катталды", - деп айтылат анда.

Мындан тышкары куткаруу кызматтары тарабынан 3 жолу чыгуу катталган.

Ал арада министрлик жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырды. Өзгөчө электр
жабдууларын колдонууда этият болуу, үйдөн чыкканда бардык электр приборлорун өчүрүү жана балдарды кароосуз калтырбоо зарыл экени эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан