Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасындагы аты жок чокуга Бакай-Ата деген географиялык аталыш ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам 26-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, аталган чокунун бийиктиги 4457 метрге жетет.