"Башка кызматка дайындоого даярмын". Трамп Маск кызматтан качан кете турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Мамлекеттик эффективдүүлүк департаментинин башчысы Илон Маск кызматтан качан кете турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Анда Трамп Илон Маскты аталган кызмат ордундагы мөөнөтү аяктагандан кийин аны администрациясындагы башка кызматка дайындоого даяр экенин билдирген. Бирок Маск ишкер болгондуктан, качандыр бир убакта мамлекеттик кызматтардан кетиши керек болорун баса белгилеген.

"Мен Маскты кыйын адам деп эсептейм. Бирок анын өзү башкарган бир эмес, бир нече компаниясы бар. Биз шашпайбыз, бирок кайсы бир убакта ал кетиши керек болот", - деген ал.

Ал эми "Маск кызматтан качан кетет?" деген суроого Трамп "бир нече айдан кийин" деп ойлой турганын айткан.

Буга чейин Илон Маск жакынкы апталарда Ак үйдөн кетиши мүмкүн экени айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан