"Ош базарындагы" аялдаманы иретке келтирген айым эми жөө өтмөктөн өткөндөрдү тартипке салууда (видео)

Бишкектеги "Ош базарында" жайгашкан аялдамаларды иретке келтирген айым эсиңиздердеби? Ал эми жөө адамдар өтүүчү өтмөктү иретке келтирүүнү колго алды.

Мэрия тараткан видеодон Светлана Тургунбаеваны Чүй проспектиси менен Павловдун кесилишиндеги жөө өтмөктөн өтүп жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын көрүүгө болот. Анын айтымында, жол чырактан өткөндөр түз эле аялдаманы көздөй чуркап, коомдук транспортторго жана унааларга тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле өз өмүрлөрүнө тобокелдик алып келүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Тургунбаеванын кылган эмгегине шаар башчысы Айбек Жунушалиев өзү барып ыраазычылык айткан.

04.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан