Бир добуш алса дагы депутат болот. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу парламенттик угуу депутат Айбек Алтынбековдун суроолруна жооп берип жатып билдирди.
Ал мыйзамдын талабы боюнча шайлоо өтүп жаткан округда бир дагы аял же эркек талапкер катышпаса шайлоо болбой турганын белгилеп, эки жыныстан тең өкүл катышмайын шайлоо кайра жарыялана берерин айтты. Ошондой эле ал эгер шайлоо болгондон кийин округдан жалгыз катышып, депутат болуп шайланган бир жыныстын өкүлү мандатын тапшырса, кайра шайлоо өткөрүлбөстүгүн кошумчалады.
Эл өкүлү округдан жалгыз катышкан бир жыныстын өкүлү бир добуш эле алып же такыр добуш албай калса кандай болорун сурады. Шайназаров жалгыз добуш менен депутат болорун, бирок такыр добуш албай калса ал округдун шайлоосу жокко чыгарыларын билдирди.
Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле документте аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин 20-марттагы жыйынында жактырылган.