Кара-Суу базарындагы 5600 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын базарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Аталган базардын аймагы «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирет, бирок ал иш жүзүндө коммерциялык максатта колдонулгандыгы маалыматта кошумчаланган.
"Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында аталган базардын аймагынын мурдагы ээлерине ижара акысы түрүндө ай сайын 250 миңден 300 миң сомго чейин акча каражаттары келип түшкөнү, ал эми бир соода түйүнүнүн орточо наркы 60 миң долларын түзөрү аныкталган. Ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан