Депутат Маматалиев сунушталып жаткан шайлоо мыйзамынын себептеринин бирин айтты (видео)

Бүгүн, 4-апрелде "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу парламенттик угуу болду.

Анда юрист Айдин Бактыбек уулу көп мандаттуу шайлоо тутуму шайлоочулардын укугун толук кандуу камсыздабай каларын айтты.

"Өлкөдө 200-300 миң колдоочулары бар улуттук деңгээлдеги саясатчылар көп. Алардын шайлоочулары бардык райондордо бар. Мисалы, сиз Бишкек шаарынан койдуңуз дейли, анда сизге Баткендеги, Нарындагы 10 миңдей колдоочуларыңыз кантип добуш берет. Бул деген шайлоочуларын тандоо укугун тебелеп жатпайбы", - деди ал.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Марлан Маматалиев документ ар бир округдун өзүнүн эл өкүлү болуп, ал ошол округ үчүн көбүрөөк иштесин деген маңызда жазылганын белгиледи. Бирок бул деген жалпы өлкө көйгөйүн көтөрүүгө тыюу салбай турганын, депутат болуп келген адам мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди да айта аларын билдирди.

Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле документте аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.

Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Жогорку Кеңеш 04.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан