Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа бирлиги» биринчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта катышты.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы жакын коңшулар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтык аймактын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда негизги ролду ойной тургандыгын кошумчалады.