АКШнын президенти Дональд Трамп ири соода тарифтерин жарыялагандан кийин биржалар төмөндөп, бейшемби күнү дүйнөнүн эң бай 500 адамынын байлыгы жалпы 208 миллиард долларга кыскарды. Бул тууралуу Bloomberg Billionaires Index билдирди.
Эң көп жабыр тарткан америкалык миллиардерлер, анын ичинде Meta жана Amazon компанияларынын негиздөөчүлөрү Марк Цукерберг менен Жефф Безос болгон. 3-апрелде Эки компаниянын акциялары 9 пайызга арзандаган. Meta акцияларынын арзандашы Цукербергдин байлыгын 17,9 миллиард долларга кыскартса, Безос Amazon акцияларынын төмөндөшүнөн 15,9 миллиард долларын жоготкон.
Ал эми Tesla компаниясынын башкы директору Илон Масктын акцияларынын баасы 11 миллиард долларга арзандаган. Электр унаа өндүрүүчүнүн капитализациясы 5,5 пайызга төмөндөгөн.
Мексикалык миллиардер Карлос Слим тарифтер Мексикага таасир этпегендиктен жоготуудан кутулгандардын арасында болду. Бейшемби күнү Мексиканын Bolsa биржасынын индекси 0,5 пайызга, Слимдин байлыгы 4 пайызга өскөн.
Белгилей кетсек, Трамп дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Алардын катарын Кыргызстан да толуктайт.
Таблицада АКШ Евробиримдиктен – 20 пайыз, Кытайдан – 34, Улуу Британиядан – 10, Вьетнамдан – 46 жана Индиядан – 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтер киргизилген. Кийинчерээк Ак үй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген тарифтердин толук таблицасын жарыялаган. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 10 пайыз бажы алымдары киргизилген, анткени бул мамлекеттерде АКШдан келген товарлардын тарифтери окшош.