
Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү орун алды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койгон. Анын негизинде Токторбаев калаага башчы болуп келгенде дайындалган мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Шаршеналы уулу мэрдин биринчи орун басарлыгына жылды.
Ал эми Билим берүү башкармалыгын жетектеген Санталат Аманова Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары социалдык тармакты караган вице-мэр Нурбек Кадыров мэриянын аппарат жетекчиси болду.