Марк Цукерберг Вашингтондон кымбат баада үй сатып алды. Себеби болжолдонууда

Америкалык миллиардер Марк Цукерберг Вашингтондон 23 миллион долларга заңгыраган үй сатып алганын Politico жазды.

Басылмага булактары билдиргендей, миллиардер мындай кадамга АКШнын президенти Дональд Трамп менен жакындашуу үчүн барган. Politico Woodland Normanstone деген престиждүү аймактын жашоочулары бир ай бою 1400 чарчы метр аянтты ээлеген имарат үчүн ким мынчалык акча жумшаганына кызыгып келишкенин, баасы жагынан бул шаардын тарыхындагы эң кымбат үчүнчү келишим болуп калганын белгилеген.

Кыймылсыз мүлк агенттери сатып алуучунун аты-жөнүн ачыктаган эмес. Ал эми Цукербергдин Meta компаниясы миллиардер жана анын жубайынын Вашингтондо үйү бар экенин тастыктаган. Компания миллиардер борбордо көбүрөөк убакыт өткөрүүнү чечкенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан