"Этият болууга чакырам". ӨКМ башчысы Ажикеев жарандарга кайрылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев акыркы кезде имараттарга жардыруучу зат коюлду деген жалган маалыматтардын саны көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындай пикирин министр социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Айтымында, бомба коюлду деген жалган маалымат берүү оор кылмыш.

"Акыркы убакта имарат, объектилерде жардыруучу зат коюлду деген жалган маалыматтардын саны көбөйүүдө. Мындай билдирүүлөр ыкчам кызматтардын негизсиз түрдө тартылышына гана эмес, коомдук коопсуздукка да олуттуу коркунуч жаратат.
Ар бир жалган чакыруу куткаруучуларды, сапёрлорду, укук коргоо органдарын чыныгы коркунучтардан алаксытып, олуттуу мамлекеттик ресурстардын текке кетишине алып келет. Бул ресурстар адамдардын өмүрүн сактап калууда пайдалуу болмок.
Эскерте кетейин, бомба коюлду деген жалган маалымат берүү оор кылмыш! Бул үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.
Жарандарды жоопкерчиликтүү жана этият болууга чакырам. Чагымчылдыкка алданбагыла, такталбаган маалыматтарды таратпагыла. Мындай “тамашалар” кайгылуу кесепеттерге алып келишин унутпаңыздар", - деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан