"Акчалуу депутатыбыз айнектен качты го". Маматалиев партиялашы "бир тыйыны" жок эле шайланганын айтты (видео)

Бүгүн, 4-апрелде "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу парламенттик угуу болду.

Депутат Айсара Абдибаева шайлоо күрөөсүнүн суммасы көп экенин белгилеп, аны түшүрүү жана жаш куракты көтөрүү керектигин айтты.

"Президентибиз өзү "талапкер канчалык акча чачса, ал өз кызыкчылыгын ойлоп калат" деп айтып жатат. Биз аны угушубуз керек... Өткөндө мен бирөөдөн "25 жаштагы жаран акчалуу болсо келе берсин" дегенин уктум. Туура эмес да. 25 жашта адам толук кандуу токтоло элек болот. "Акчалуу болсо келе берсин" деген да туура эмес. Мына, кечээ эле акчалуу депутатыбыз айнектен качып түштү го", - деди ал.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев 25 жаш деген Баш мыйзамда бекип калганын билдирди. Ошондой эле ал акча бар-жогуна бирдей эле мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн мисал кылып, партиялашы Эрулан Кокулов "бир тыйыны" жок эле шайланып келгенин айтты.

Айта кетсек, былтыр 9-январда эл өкүлү Эмил Жамгырчиев Ак үйдүн 2-кабатында жайгашкан депутаттардын биринин иш бөлмөсүнүн терезесинен секирип, качып кеткен. Ага депутаттык комиссиянын Башкы прокуратуранын эл өкүлүн жоопкерчиликке тартуу сунушуна макулдук бергени себеп болгон. Жыйындан чыгып баратканда журналисттердин суроосуна: "Мени кармаганы келишти. Азыр кармаганы жатат", - деген Жамгырчиев.

Эртеси, 10-январда парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлү Эмил Жамгырчиев камалбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин өзү келип, актыгын сотто далилдеши керек экенин айткан.

Ошентип Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук бергенден 2 күндөн кийин ал УКМКга барып сурак берип чыккан. Эл өкүлүнүн иши сотко өтүп, Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-январда аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. 2-февралда Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, БШК аны канааттандырган. Ал ошол эле күнү кечинде эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.

Жогорку Кеңеш 04.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан