Бүгүн, 4-апрелде "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу парламенттик угуу болду.
Депутат Мирлан Самыйкожо мыйзамда көрсөтүлгөн үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу керектигин айтты.
"Элде "Балким, талбыз, балким, кыйган терекпиз. Биз буларга шайланарда керекпиз" деген сөз бар эзелтеден бери. Ушул сыяктуу нерсе менен келип калабыз, эгер миң үгүтчү алып ала турган болсок. Миң үгүтчү жүгүрүп, миңи бир адамды үгүттөп жатса, бул баягы акчалуулардын заманы кайра эле кайтып келди деген нерсе", - деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү мыйзамдагы депутат мандатын тапшырса, шайлоодо кийинки добуш көп алган талапкерди алып келүү туура эместигин белгилеп, андай учурда кайра шайлоо өткөрүү керектигин билдирди.
Сунушталган документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.