УКМК тарабынан Ноокен районунун Арал айылында жайгашкан №68 кесиптик лицейдин дипломдорун мыйзамсыз берүү жана билим берүү мекемесинин жооптуу адамдары тарабынан акча каражатын ыйгарып алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде атайын кызмат билдирди.
"Лицейдин кызмат адамдары 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен стипендия жана тамактануу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып, ошондой эле иш жүзүндө окубаган жана өлкө чегинен тышкары жүргөн 18 студентке мыйзамсыз баа коюу жана диплом берүү менен алектенишкени такталды" деп айтылат анда.
Ушул жылдын 1-апрелинде козголгон кылмыш ишинин алкагында №68 лицейдин директору М.А.П. жана мурдагы директор Т.Т.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Шектүүлөр 24-апрелге чейин камакта калтырылды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.