Казакстанда белгилүү актёр Шарип Серик сүйлөшкөн кызына зомбулук көрсөткөндүгү айтылууда. Казак басылмалары социалдык баракчаларда тараган видеолорго басым жасап жазып чыгышкан.
Казакстандык блогер Алия Бутеева актер Шарип Серик аны жылаңаяк артынан чуркап чыгып, колунан кармап, лифттен алып чыккан сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялаган. Ошондой эле ал колдун изи түшкөн сүрөтүн жарыялап, постунда ага зордук-зомбулук болгонун айтып, унчукпай коюуну каалабаганын билдирген.
Ал эми Алматы полициясы актер сот тарабынан чыккан өкүмдүн алкагында 5 күнгө камала тургандыгын айткан.