Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин маанилүү органдарына шайланды

Кыргызстан БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин маанилүү органдарына шайланды. Бул туурасында бүгүн, 5-апрелде Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, 4-апрелде Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болгон Экономикалык жана Социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) көмөкчү органдарына шайлоо болуп өттү.

Шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстандын талапкерлиги бир катар маанилүү органдарга ийгиликтүү шайланды:

- Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы (КНС) – 2026–2029-жылдарга;

- БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) боюнча Аткаруучу кеңеши – 2026–2028-жылдарга;

- Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу (ISAR) – 2025–2027-жылдарга.

"Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан