Ысык-Атадагы 74 миллион сомдук социалдык объектилер жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды

Чүй областынын Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй “А-К.” акционердик коомунда калтырылгандыгы аныкталган. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, аталган райондун прокуратурары тарабынан текшерилген. Жер аянтында бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы бар экендиги кошумчаланган.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында, 74 миллион 152 миң сомду түзгөн аталган социалдык объектилер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилгендиги айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан