Казакстанда Димаш Кудайбергендин катышуусунда өткөн концертте ондогон адам жаракат алды

Коңшу Казакстандын Актау шаарында 100 миңден ашуун көрүүчүнү шаар жээгине чогулткан “Актау – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу масштабдуу иш-чарада ондогон адамдар медициналык жардамга муктаж болушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Мангистау облустук медициналык "Тез жардам" кызматы майрамда жалпысынан 41 адамга тез жардам көрсөткөнүн билдирди.

"Көбүнчөсү эс-учун жоготкондор, дагы бир адамга бычак сайылган. Биздин кызматкерлер алдын ала диагноз коюп, бейтаптар ооруканага жаткырылды", - дешкен дарыгерлер.

5-апрелде Актау шаарында "Актау – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу иш-чара өткөн. Гала-концертке атактуу ырчы Димаш Кудайберген дагы катышкан. Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, масштабдуу иш-чарага катышкандардын болжолдуу саны 100 миңге жакын адамды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан