Окумуштуулар Кытайда жана коңшу аймактарда катуу жер титирөө коркунучун жарыялашты

Коңшу кытайлык сейсмологдор Кытайда жана анын айланасындагы аймактарда күчтүү жер титирөөлөрдүн болушу ыктымалдыгын эскертишүүдө. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Пекиндин жер титирөө агенттигинин окумуштуулары жакынкы жылдарда Кытайда жана анын айланасындагы аймактарда күчү 8,0 баллга жеткен күчтүү силкинүүлөрдүн болушу ыктымалдыгын болжолдошууда.

Окумуштуулар силкинүүнү аныктоо үчүн 1879-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки сейсмикалык активдүүлүктүн маалыматтарын талдап чыгышкан.

"Учурда аймак жаңы сейсмикалык активдүү мезгилдин пайда болуу фазасына кирип жаткан болушу мүмкүн", - дешкен окумуштуулар.

Окумуштуулар Кытайда жер титирөө болсо, силкинүү коңшу аймактарда да сезилерин эскертишкен.

Марттын аягында Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен бир катар катуу жер титирөө болгон. Жер титирөө Таиланд, Кытай жана Вьетнамда да сезилген. Жер титирөөдөн Мьянмада 3400дөй адам каза болуп, дагы көптөгөн адамдар жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан