Бүгүн, 7-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Р.Курбанова жана Донг көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Кабарга караганда, шаар мэри Шейит-Дөбө кичи районундагы Курманжан датка көчөсүнө туташкан жана стратегиялык мааниге ээ болгон Н.Бахрамов, Г.Давыдов, Октябрга 50 жыл атындагы ички көчөлөрүнүн жолдорун дагы көзөмөлдөп чыкты.
"Мэр жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Г.Давыдов көчөсүндө жана Жупас каналынын үстүнө мыйзамсыз тургузулган курулуштарды алып салуу, алардын ордуна жашыл аймактарды түзүү, аллеяны куруу, Р.Курбанова көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, толугу менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча талабын койду", - дешти мекемеден.