
Бүгүн, 7-апрелден тарта Бишкектеги Жаш гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылат.
Шаар мэриясы Жаш гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабыларын да кошумчалады.
Белгилей кетсек, чыгыш тарабында убактылуу эки багыттуу кыймыл уюштурулган. Подрядчы уюм “ДорСтрой Групп” ЖЧКсы.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамдарды алдын ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.