Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районундагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылганын бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында Кара-Суудагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 гектар жер тилкеси менен жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Мындан улам 276 миллион сомдук 5.91 гектар жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды.