Баткендеги өспүрүм кыздардын аскерлерге жасаган мамилеси аларды таң калтырды.
Социалдык баракчаларга тараган видеодо өрүк талаасында турган кыздардын аскер кызматкерлерине честь берип жатканын көрүүгө болот. Тасмага "Баткенде балдар эле эмес, жаш кыздар да патриот" деген жазуу калтырышкан.
Өспүрүмдөрдүн жүрөк элжиреткен бул кадамына коомчулук жылуу пикирин жазышууда.