"Балдардын абалы оор". АКШда эркек киши бычак менен жаш балдарга кол салды

АКШнын Нью-Йорк штатында эркек киши бычак менен жаш балдарга кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-апрелде полицияга 11 жаштагы кыз телефон чалып, тууган агасы өзүнө жана бир туугандарына кол салып жатканын билдирген.

Полиция окуя болгон үйгө келгенде 49 жаштагы эркек киши канга боёлгон бычак көтөрүп жүргөн. Куткаруучулар шектүүгө куралды таштоону буйрушкан. Бирок эркек киши макул болбогондуктан, ага карата 7 жолу полиция тарабынан ок атылган. Учурда шектүү оор абалда ооруканада жатканы айтылды.

Ал эми дарыгерлер 16, 13, 11 жана 8 жаштагы өпүрүмдөр ооруканага жеткирилгенин жана алардын абалы учурда оор экенин билдирген. Ошондой эле алардын өмүрүн сактап калууга болорун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан