"Мен үчүн эң кымбаты – көңүл". Ырчы Назира Токонова 37 жашка толду 

Бүгүн, 7-апрелде туулган күн тоскондордун катарында ырчы Назира Токонова дагы бар. Ал бул жылы 37 жашка толду. Ырчы айым туулган күнүндө Инстаграм баракчасында пост жазып, ал үчүн эң маанилүү нерсе көңүл экенин билдирген.

"Кош келдиң, 18 жаш! Эң биринчи жаратканга, андан кийин ушул жарык жашоону тартуулаган ата-энеме рахмат айтам. Мага азыр ден соолуктан, жакындарымдан өткөн байлык жок. Ошондуктан эң алгач өзүмө ден соолук, жакындарыма амандык тилейм. Жашоону жаркырата жашайлы.

Мурда туулган күнүмдү аябай күтчү элем, кийин дагы бир жаш кошулду деп кейип калдым. Ал эми азыр болсо "бул жашка чыккан дагы, чыкпаган дагы бар" деп шүгүр кылганды үйрөндүм.

Көп белектерди алуудамын, бирок мен үчүн эң кымбат белек – көңүл", - деген ырчы айым.

Назира Токонова 1988-жылы 7-апрелде Сокулук районунда төрөлгөн. Ырчы айымдын ата-энеси анын чыгармачылыкка аралашуусуна каршы болушкан. Ага карабастан ал Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, даярдоо курсунда 2 жыл, эл аспаптар факультетинде 5 жыл окуган. Чыгармачылык жолу 2007-жылы башталган.

2013-жылдан тарта Сокулук Маданият үйүнүн солисти, билим берүү борборунда студенттерге вокалдан сабак берген.

Ырчы айым 2017-жылы сүйүктүүсү Улан мырзага турмушка чыгып, 2018-жылы 13-июнда Ариет аттуу уулдуу болушкан. Учурда жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Назира Токонованын репертуарында "Сага", "Сагыныч", "Сүйбө мени", "Суранам" аталышындагы ырлары бар. Андан сырткары ал рэп аткаруучу Добр менен "Жашоо бир келет", Чыңгыз Турдубеков менен "Мезгил учат", Аксай Мукамбет уулу менен "Сүйүп кыйналдым" аттуу чыгармаларды дуэт аткарган.

7-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан