"Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинде оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Алена Хоменко социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Буга байланыштуу ар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин учуулар убактылуу токтотулат.
“Манас" аэропортунда учуу-конуу тилкесин оңдоо иштерине байланыштуу ар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин учуулар убактылуу токтотулат”, - деп жазды ал.