Эки жолку Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн алты жолку чемпиону жана Европанын беш жолку чемпиону Абдулрашид Садулаев шенген визасын ала алган жок. Бул тууралуу балбан өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Тарых кайталанат, мен даяр болчумун. Бирок мага Словакияга кирүүгө уруксат бербей коюшту. Бул боюнча суроолор абдан көп жана жооптор аз", - деп жазды Садулаев.
Мындан улам ал бүгүн Словакияда баштала турган күрөш боюнча Европа чемпиондугуна катыша албайт. Анын ордуна Магомед Курбанов Европа чемпиондугуна катышат.
Белгилей кетсек, Садулаев былтыр, 2024-жылы Бухарестте өткөн Европа чемпиондугуна дагы катышкан эмес. Анда дагы аны Румынияга киргизбей коюшкан.
Европа чемпиондугу Братислава шаарында 7-апрелден 13-апрелге чейин өтөт. Орусиялык балбандар бул турнирде Бириккен күрөш дүйнөсүнүн желеги астында күч сынашат.