Бишкектеги бузулуп жаткан ботаникалык бактын аймагы кандай өзгөрөрү айтылды (эскиз)

Бишкек шаарындагы ботаникалык бакчаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул туурасында бүгүн, 7-апрелде президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасынан билдирип, эскиздин видеосун жарыялады.
"Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды.
Эми болсо аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги иретке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт", - деп белгилеген Туманбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин бакчадагы бузуу иштерине шаардыктар тарабынан нааразычылыктар айтылып жаткан.
Бишкектеги бузулуп жаткан ботаникалык бак кандай өзгөрөрү айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан