
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору болуп
Айнура Чокморова дайындалды.
Министрликтен билдиришкендей, ал аталган кызматка конкурстук тандоонун жыйынтыгында өтүп, 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Буга чейин доцент Айнура Чокморова И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чет тилдер кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.