Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими болуп Канатбек Калдаралиев дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Мунарбек Насиров аркалаган. Ал ушул жылдын февраль айында иштен алынган.