Бүгүн, 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 8 миллиард 472 миллион куб метрди түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Анда маалымдалгандай, суунун агып келиши секундасына 309 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 241 куб метрди түзүүдө.
Айта кетсек, бир ай мурун Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 526 миллион куб метрди түзгөн.