Кыргызстандын гана эмес, Евразиянын жылдызы аталган Гүлжигит Калыков жаңы жылга жаңы чыгармасы менен кадам таштады. Дегеним, ырчы "Жүрөк тагы" чыгармасына клип тарттырып, күйөрмандарына сунуштады. Бул тууралуу Гүлжигит бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Жаңы чыгармамдын аты "Жүрөк тагы" деп аталат. Сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык. Белгилей кетсем, Чыңгыз "Кайрылбаймын" деген ырымдын да автору. "Жүрөк тагын" "Кайрылбаймын" чыгармамдын уландысы деп түшүнсөңүздөр да болот. Анткени бул клипте да бир убакта эки жигит менен сүйлөшүп жүргөн кыздын тагдыры сүрөттөлөт.
Клиптин режиссёру Гүлнара Эшалиева, ал эми оператору Бейпил Маманов. Клипти декабрь айында Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын жанынан тартканбыз. Күн аябай суук болгондуктан, жакшы эле үшүдүк окшойт. Аны оозубуздан чыккан демден байкасаңыздар болот.
Каармандар болсо кастинг аркылуу тандалган. Ал эми менин артымдагы музыкалык аспаптарда ойногон жигиттер консерваториянын студенттери жана белгилүү музыкант Денис Колючий",- деп билдирди жаңы клиби тууралуу Гүлжигит.