Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Апрель революциясына карата социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
"Апрель революциясынан кийин Кыргызстан бүтүн дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылып калган. 15 жыл өттү. Бирок мезгил өткөн сайын мамлекет эркиндик менен жарандар укугун өз эгемендүүлүгүндөй коргоп, сактаганга милдеттүү экендигин абдан так түшүнүп жатабыз. Бул элдин жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарты экендиги талашсыз", - деп жазды ал.
Ал учурдагы бийлик аймактын коопсуздугу, өлкөнүн инфратүзүмү үчүн бир топ иштерди жасап жатканын белгиледи.
"Бирок бул орчунду маселелердин катарында, а балким, алардан да маанилүү орунда – элибиздин эркин рухун, адилеттүүлүккө ишенимин сактап калуу, жарандык коом, саясий күчтөр, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттары менен тил табышуу маселелери туруш керек. Бул иш оңой эмес, бирок башка жол жок. Жашасын, эгемендүү Кыргызстан! Эркиндик үчүн шейит болгон баатырлардын эрдиги кылымдарда өчпөс! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! Ар бир үй-бүлөгө, ар бир мекендешиме ден соолук жана бак-таалай каалайм!" - деп кошумчалады Атамбаев.
Белгелей кетсек, 2010-жылы апрель айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына элдин нааразычылыгы күчөп, бийлик алмашуу орун алган. Толкундоолор адам өлүмү менен коштолуп, бийликтин огунан 86 жаран каза болгон.