Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, институттун кызматкерлери 2024-жылдын январь айынан тарта изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган. Жаза аткаруу кызматына кайрылган соң 631 соттолгон адам паспорт алышкандыгы маалыматта кошумчаланган.
Акыйкатчы соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана социалдык жактан көнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан адамдарды зарыл документтер менен толук камсыз кылуу керек. Аларды паспорт менен камсыз кылуу социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүдө, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт”, - деп билдирди акыйкатчы.
Учурда Степное айылындагы №2 аялдар абак жайында жазасын өтөп жаткан 46 жаштагы өзбек жаранынын кызына паспорт алууга көмөктөшүү иштери жүрүп жатканыдыгы маалыматта кошумчаланган.