Султанбай Айжигитовдун мандат боюнча доо арызы Бишкек шаардык сотунда каралат

Султанбай Айжигитовдун мандат маселеси боюнча алдын ала сот отуруму 23-апрелге дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Белгилей кетсек, буга чейин мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутатты Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комитетине каршы доо арыз менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

"Аталган административдик доо арыз соттун өндүрүшүнө кабыл алынып, алдын ала сот отуруму ушул жылдын 23-апрелине саат 14:00гө дайындалган", - дешти соттон.

Эске салсак, БШК 28-марттагы жыйынында Айжигитовду мандатынан ажыраткан. Эл өкүлү чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын белгилеп, анын мандатын кароо боюнча БШКга кат жолдогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жазганын айткан.

БШК чечим кабыл алардан он күн алдын Ташиев депутатка мандаты караларын эскерткен болчу. Тагыраагы, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Айжигитовду оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган чек ара келишими боюнча коомдо туура эмес пикир жаратып жатканын айткан. Ошондой эле ал эл өкүлүнө 2017-жылы бир баланы урганы үчүн кылмыш иши ачылганын, кийин депутат кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин айткан. Андан ары Ташиев сөзүн кийин Айжигитов шайлоого катышып жатып, ошол соттуулугу боюнча документтерди БШКга бергенин, андыктан анын мандаты мыйзамсыз болуп каларын айтып кошумчалаган.

Буга Султанбай Айжигитов да жооп берип, ага ачылган кылмыш иши далилденбегенин, кийин алар мөөнөтү өтүп кетти деген таризде жаап коюшканын белгилеген. Айжигитов ошол жыйында парламенттен ага жакшы сөз берилбей жатканын жүйө кылып, бул боюнча кенен талкуу кылуу үчүн Ташиевди дебатка чакырган. Анда УКМК башчысы өзүнүн ордуна аны менен дебатка БШК чыгарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан