Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарына Европа өлкөлөрүнөн туристтик поезд келди. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» ишканасына Кыргызстан аймагында темир жол аркылуу туристтик тур уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга ишкана тиешелүү көмөк көрсөткөн.
Поезд курамында 11 вагон бар, ал эми жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 80ден ашык. Келген коноктор бүгүн "Ала-Арча" капчыгайында болушуп, Бишкекти кыдырышат. Ал эми эртең поезд менен Балыкчы шаарына барышат.
Белгилей кетчү жагдай, мындай туристтик поезддер 2023-2024-жылдары да Кыргызстанга келген жана чет элдик туристтер арасында кызыгуу жаратып келет.