
"Oш пансионаты" мекемесинин менчиктештирилген жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кыргызстан кесиптик бирлигинин "Кыргыз курорт туризм" башкармалыгынын "Oш пансионаты" мекемесине тийиштүү 1,5 гектар жер тилкеси 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 миллион сомду түзгөн 1,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.