Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Акыйкатчы институтун Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору менен бирге иш алып барууга чакырды.
"Сиздер борборду жетим баладай кылып жээрип, "силер иштебешиңер керек, биз иштешибиз керек" деп жатасыңар. Тескерисинче, алар менен биргеликте иштеп, алардан керектүү материалдарды алып, жардам беришиңиздер керек", - деди ал.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институт менен борбордун ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок экенин белгиледи.
"Улуттук борбордун директорунун шайланышынын легитимдүүлүгү боюнча шек жаратып жаткандыгы тууралуу кайрылуу түшкөн. Депутаттык иликтөө легитимдүү эмес деген жыйынтык чыгарып берди", - деди Жаманбаева.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында акыйкатчынын кайрылуусунун негизинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакытбек Касымкуловду шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Анда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева шайлоого катышкан координациялык кеңештин 8 мүчөсүнүн үчөөнүн легитимдүүлүгү күмөн жаратып жатканын айтып, депутаттык комиссия түзүүнү суранган. Ошондой эле ал кеңеш 11 мүчөдөн турарын, шайлоого өзү жана парламенттен 2 депутат катышпаганын кошумчалаган. Ал эми Касымкулов кеңештин мүчөлөрүн парламент бекитип бергенин белгилеп, бардыгы мыйзамдуу болгонун айткан.