Алматы аэропортунда барымтада калган кыз сотто көзүнө жаш алды

Коңшу Казакстанда 67 жаштагы жаран тарабынан барымтага алынган Алматы аэропортунун кызматкери Ботагөз Мухтарова сотто окуя боюнча айтып берди.

"Мен жумуш ордумда отурган элем. Ал (ред. шектүү) жалгыз өтүп бара жаткан. Мен андан борт номуру менен документин сурадым. Ал мени карап, үч мүнөттөн кийин аэропортту жардырып жиберерин айтып, андан кийин баскычтуу телефонду көрсөттү. Мен артка жыла баштаганда ал мени кармап алды. Анан соң чөнтөгүнөн бычакты алып чыкты, ошондон баштап мен кыйкыра баштадым", - деген жабырлануучу.

Анын айтымында, ал жардам сураган, бирок ал киши эч ким жакындабасын деп кыйкырган. Ошол күнкү окуяны эстеп, жабырлануучу сотто ыйлап жиберген.

Окуя 7-мартта учуу алдындагы текшерүү аймагында болгон. Алматы аэропорту маалымдагандай, саат 11:45тер чамасында бычак менен куралданган 67 жаштагы адам ички каттам терминалынан жүргүнчү атын жамынып, учуу алдындагы текшерүү аймагына өтүп кеткен.

Ал жерден авиациялык коопсуздук текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышкан. Ага жооп катары ал коопсуздук кызматынын кызматкерин чачынан кармап, бычак менен коркутуп, барымтага алып алган.

Шектүүгө карата үч берене менен иш козголгон. Бүгүн, 7-апрелде биринчи соттук отурум өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан