Токмок шаарында төрт жаштагы Адиля аттуу бөбөк апасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, бөбөк адашып кеткен жана үйүн таппай калган. Шаардык милициянын кызматкерлери кызды тапкан соң апасына баланы кароосуз калтырбоону эскертишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин кайтарып беришкен.