Унаа, аты менен чогуу тебелете улак тартышып... Милиция Ноокаттагы окуя боюнча маалымат берди (видео)

Ош облустук ички иштер башкармалгы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан ат майданында болгон улак тартыш боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-апрелде болгон. Анда улакчылар ат майдандын сыртына чыгып кеткен. Натыйжада ал жакка соода кылуу үчүн барган 2 адамдын унаалары зыянга учураган. Алар унааларын оюн өтүп жаткан жерге жакын токтотушкан.

Аталган факты каттоого алынган. Ал эми унаа ээлери арыз жазуудан баш тарткан. Облустук милиция башка эч кандай жабыр тарткан факты болбогонун кошумчалады.

Ош ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан