Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Орук-Там унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-апрелде болжол менен саат 15:30 чамасында ӨКМге аталган жолдо кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Тазалоого иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.
Министрлик табигый кубулуштан жабыркагандар болбогонун белгиледи.