АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга кошумча 50 пайыз бажы алымдарын киргизерин эскертти. Ал тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Пекин мындай чарадан америкалык товарларга киргизген 34 пайыз бажы салыгын алып сала гана кутуларын белгиледи.
"Эгер Кытай эртең, 8-апрелге чейин 34 пайыздык тарифтерин токтотпосо, анда АКШ Кытайга кошумча 50 пайыз тарифтерди киргизет", - деп жазган Трамп.
Буга чейин Пекин АКШдан келген товарларга 34 пайыз кошумча алым киргизүү чечимин кабыл алганы кабарланган.
Ал эми Трамп Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Анда ал АКШ Евробиримдиктен - 20 пайыз, Кытайдан - 34, Улуу Британиядан - 10, Вьетнамдан - 46 жана Индиядан 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтерди киргизип жатканын көрсөттү.