"Аэропортко кантип барганымды билбейм". Алматы аэропортунда кызды барымтага алган жаран сотто өз версиясын айтып берди

Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто кызды барымтага алган адам сотто кол салуунун себептери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал аэропортко кокусунан келип калган. Айыпталуучу Машрапбек Баратовдун айтымында, ал күзөтчү болуп иштеген түнкү клубда 3 айдан бери айлык маянасын ала алган эмес. Ал ошол күнү көчөгө жумуш издеп чыккан.

"8-мартка бир нерсе, жок дегенде торт алсамбы деп таң эрте үйдөн чыккам. Сейфуллин көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан жерге барып, кайра автобуска отурдум. Ал автобус менен үйгө барам деп ойлогом, бирок телефондон жумуш карап отуруп, аэропортко жеткенимди билбей калыптырмын", - деген ал.

Ал жубайы жана эки баласы бар экенин, каржылык көйгөйлөргө туш болуп жүргөнүн айткан.

"Өзүмдүн үй-бүлөлүк көйгөйлөрүм бар болчу, ичимден кыжалат болуп жүргөм, бирок аялыма, балдарыма айта алган эмесмин. Үч айдан бери каржылык жактан кыйналып жүрдүм. Ошентип, аэропортко барып, ары-бери басып, анан Астанагабы, же каякка экени эсимде жок, каттам жарыяланганын уктум. Анан жөн эле өтүп кетем го деп ойлогом, чөнтөгүмдө болгону 7 миң теңгем бар болчу", - деген сотто Баратов.

Анын айтымында, ал текшерүү аймагына эч кандай кыйынчылыксыз жетип, ал жерден жабырлануучу кыз аны токтоткон. Дал ушул учурда анын ачуусу келип, кызды барымтага алган.

"Ал мени токтотуп, документтеримди сурады. Мен ага 2-3 мүнөттөн кийин кайра келеримди айттым. Ал макул болбой, артымдан кармады. Анан жиним менен аны чачтан кармадым. Бул жерде баары күтүүсүз болуп кетти. Анан эле ызы-чуу жана полицияны көрдүм. Менин рюкзагымда ашкана бычагы бар болчу. Ал бычак менен жумушта консерва ачып, колбаса кесчүмүн. Бычак курч деле эмес болчу.

Мен кызга "кыйкырба, коё берем" деп айттым. Бирок ал ого бетер катуу кыйкырып жатты. Анан эле эл чогулганын крдүм. Мен полиция кызматкерине "куралыңды таштап кел, кызды коё берем" дедим. Ал келген жок", - деди соттолуучу.

Окуя 7-мартта учуу алдындагы текшерүү аймагында болгон. Алматы аэропорту маалымдагандай, саат 11:45тер чамасында бычак менен куралданган 67 жаштагы адам ички каттам терминалынан жүргүнчү атын жамынып, учуу алдындагы текшерүү аймагына өтүп кеткен.

Ал жерден авиациялык коопсуздук текшерүү кызматкерлери андан документтерин көрсөтүүнү суранышкан. Ага жооп катары ал коопсуздук кызматынын кызматкерин чачынан кармап, бычак менен коркутуп, барымтага алып алган.

Шектүүгө карата үч берене менен иш козголгон. Кечээ, 7-апрелде биринчи соттук отурум өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан