Ош шаарында жаңы салынган базар качан ачылары белгилүү болду (видео)

Ош шаарында 20-апрелден тарта борбордук эски базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жаңы базарды кыдырып, инвесторлор тарабынан курулуп жаткан кошумча базарларды да көрүп чыкты.
Анын алкагында шаар башчысы 20-апрелден баштап, эски муниципалдык базарды көчүрүп чыгуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү, ошондой эле базардын тегерегинде бүтпөй калган жумуштарды ага чейин толук бүткөрүү, унаа токтоочу жайларды асфальттап бүтүрүү тапшырмасын койгондугу айтылат.
Ош шаарындагы муниципалдык базар пайдаланууга берилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан