Германиялык ММА мушкери Макс Хольцер Oktagon 69 турниринде мекендеши Дениз Илбайды муунтуу ыкмасы менен жеңип, атаандашын шылдыңга алды.
6-апрелге караган түнү Германиянын Дортмунд шаарында чех-словакиялык Oktagon 69 промоушнунун турнири өткөн. Кеченин негизги беттешинде жеңил салмактагы мушкерлер Макс Хольцер менен Дениз Илбай кез келген.
Беттештин төртүнчү бөлүгүндө Хольцер атаандашын муунтуп, калыс беттешти токтоткон.
Ал жеңишке жетери менен атаандашынын желкесинен өөп, аны шылдыңдаган. Атаандашы ордунан тура калып, жаңжал кайра уланган. Эки мушкер жаңжалдашып жатып октагондон чыгып кетишкен.