Коңшу Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясы аркылуу өткөн 35 жаштагы өзбекстандык аял кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.
Андагы маалыматка ылайык, чек арачылар чек арага жакын жерде турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны байкашкан. Байкалган унаанын тушундагы чек ара тилкесине дароо келген чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясы аркылуу өткөн аялды кармашкан.
"Кармалган аялдын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Ал 1985-жылы туулган У.М.Р. аттуу Өзбекстандын жараны болгон. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял андан ары териштирүү жүргүзүү жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.